2025-10-09


Дипломдук иш жазууда форматтоо жана редакциялоо эрежелери


Журналистика бөлүмү тарабынан уюштурулган “Дипломдук иш жазууда форматтоо жана редакциялоо эрежелери” аттуу семинар 2025-жылдын 9-октябрында саат 11:00–12:00 аралыгында факультеттин 216-кабинетинде өткөрүлдү. Иш чарага Коммуникация факультетинин 4-курсунун студенттери катышып, дипломдук иш жазуу процессинде академиялык талаптарды туура сактоо боюнча кеңири маалымат алышты.

Семинар PhD Толкун Бектурган кызынын презентациясы менен башталып, анда университеттин дипломдук иш жазуу эрежелерине ылайык форматтоо талаптары, академиялык жазуудагы негизги принциптер, булактарды туура көрсөтүү жана шилтеме берүү ыкмалары кеңири түшүндүрүлдү. Ошондой эле, дипломдук иштерде көп кездешкен каталар мисалдар аркылуу көрсөтүлүп, аларды оңдоо жолдору талданды. Интерактивдүү бөлүмдө студенттер өз суроолорун берип, дипломдук иш жазууда туш болгон кыйынчылыктарын ортого салышты. Семинар практикалык тапшырмалар менен жыйынтыкталып, катышуучулар форматтоо жана редакциялоо боюнча өз билимдерин практика жүзүндө бекемдөөгө мүмкүнчүлүк алышты.