2025-12-05
Иш чара Касым Тыныстанов конференциялык залында уюштурулуп, ага окутуучулар, студенттер жана чакырылган коноктор катышты. Программанын ачылышында Коммуникация факультетинин деканы Проф. Др. Бесим Йылдырым иш чаранын максаты жаш таланттарды колдоо, студенттердин чыгармачылык потенциалын ачуу жана факультеттин маданий чөйрөсүн жандылтуу экенин белгиледи.
Сахналык программада ырлар, адабий окуулар, улуттук жана заманбап бийлер көрсөтүлдү. Иш чаранын жүрүшүндө студенттердин сахнадагы жүрүшү, өзүнө ишеними жана чыгармачылык издөөсү ачык байкалды жана көрүүчүлөрдүн кызыгуусун тартты. Ошондой эле залдагы көрүүчүлөргө суроолор берилди жана сынак уюштурулуп, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды.
Концерт программасы доц. док. Гүлзада Станалиева өзүнүн чыгармасын окуусу менен аяктап, андан кийин катышуучуларга жана уюштуруучуларга ыраазычылык каттары тапшырылды.
Бул жылы үчүнчү жолу өткөрүлгөн «Талантарды тааныйлы» программасы Коммуникация факультетинин студенттеринин таланттарын көрсөтүүчү жана факультеттин маданий жашоосуна түстөрдү кошкон иш чара катары эскерүүлөрдө калды.