2025-10-27

“Химиясыз өсүмдүктөрдү коргоо жана эффективдүү биопрепараттарды колдонуу” темасында семинар өткөрүлдү


20-октябрь күнү Айыл чарба факультетинде “Химиясыз өсүмдүктөрдү коргоо; эффективдүү биопрепараттар жана биостимулянттар менен жогорку түшүм алуу” темасында семинар өткөрүлдү. Иш-чарага окутуучулар, студенттер жана аймактан келген дыйкандар чоң кызыгуу менен катышты.

Семинарга чакырылган конок-спикер — Biorizon Biotech компаниясынын техникалык адиси болду. Ал катышуучуларга өсүмдүктөрдү химиялык каражаттарга көз каранды болбостон коргоо ыкмалары, биоагенттердин натыйжалуулугу, түшүмдүүлүктү жогорулатууда биостимулянттардын ролу тууралуу кеңири маалымат берди.

Иш-чара учурунда биопрепараттарды туура колдонуу стратегиялары, топурак жана өсүмдүк ден соолугун башкаруу принциптери, коопсуз агрардык өндүрүштүн артыкчылыктары жана дүйнөлүк тенденциялар талкууланды. Ошондой эле практикалык мисалдар менен биологиялык күрөш технологияларынын өндүрүштөгү мааниси баса белгиленди.

Катышуучулар талкууга активдүү катышып, спикерге өздөрүн кызыктырган суроолорду беришти. Семинар студенттер үчүн да, өндүрүш менен алектенген дыйкандар үчүн да пайдалуу болгонун айтышты.

Иш-чара ыраазычылык билдирүүлөрү жана жалпы эскерүү сүрөтүн тартуу менен жыйынтыкталды.