16-октябрь күнү факультетибизде Проф. Др. Адем Ягжы тарабынан “Түркиянын жүзүмчүлүгү жана Кыргызстанга тийгизген таасири” темасында семинар өткөрүлдү. Иш-чарага факультеттин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышып, зор кызыгуу менен угушту.
Семинарда Түркиядагы жүзүмчүлүктүн тарыхый өнүгүшү, өндүрүштүк потенциалы, экспорттук мүмкүнчүлүктөрү, учурдагы көйгөйлөрү жана заманбап өстүрүү технологиялары тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле Кыргызстанда жүзүмчүлүктү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү, агроэкологиялык шарттар, өндүрүш стратегиялары жана эки өлкө ортосундагы кызматташтык перспективалары талкууланды.
Сунуштан кийин катышуучулар өз суроолорун берүүгө мүмкүнчүлүк алышып, Проф. Др. Адем Ягжы менен илимий пикир алмашуу жүргүзүштү. Студенттер жана окутуучулар семинардын жогорку деңгээлде өткөнүн белгилешти.
Иш-чара эскерүү сүрөтүн тартуу жана ыраазычылык билдирүүлөр менен жыйынтыкталды.
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)