2026-03-26

Университеттер аралык баскетбол мелдешинде биринчи орунду ээледик


Кыргызстандагы университеттер аралык баскетбол лигасына университетибиздин атынан катышкан кыздар баскетбол курама командасы мелдешти ийгиликтүү өткөрүп, биринчи орунду ээледи.

2026-жылдын 13-мартында жарыяланган расмий жыйынтыктарга ылайык, университетибиздин кыздар баскетбол командасы мелдештин жеңүүчүсү деп табылды.

Бул жетишкендик үчүн командабызды жана машыктыруучуларды куттуктайбыз, мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз.