Орхун алмашуу программасынын алкагында Түркиядан келген профессор доктор Себахаттин Девечиоглу менен таанышуу жана маалымат берүү жыйыны уюштурулду.
Жыйын факультетибиздин декандын милдетин аткаруучусу жана окутуучулар курамынын катышуусунда 2026-жылдын 24-мартында саат 16:00дө факультетибиздин 16-конференция залында өткөрүлдү.
Жыйын университетибиздин таанытуу видеосу менен башталып, профессор доктор Девечиоглуга Кыргыз-Түрк «Манас» университетин тандаганы үчүн ыраазычылык билдирилип, университет жана факультет тууралуу маалымат берилди.
Жыйында сөз сүйлөгөн профессор доктор Фикрет Сойер университет түзүлгөн күндөн тартып өзүнүн институционалдык түзүмүн жана принциптерин сактап келе жаткан дүйнөдөгү абройлуу окуу жайлардын бири экенин белгиледи. Ал факультет чоң бир үй-бүлө экенин жана профессор доктор Девечиоглу да бул үй-бүлөнүн мүчөсү экенин айтты.
Өз кезегинде профессор доктор Себахаттин Девечиоглу окутуучуларга ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда болуу анын үчүн чоң кубаныч экенин белгиледи.



