Университетибиз менен Анкара университетинин ортосундагы эки тараптуу келишимге ылайык, 2025-жылдын 15-декабрында факультетибиз менен Анкара университетинин спорт илимдери факультетинин ортосунда илимий изилдөөлөрдү жана долбоорлорду түзүмдөштүрүү боюнча онлайн жолугушуу өткөрүлдү.
Анкара университетинин спорт илимдери факультетинин жана биздин факультеттин окутуучулары катышкан онлайн жолугушууда кызматташуу долбоорлору боюнча макулдашууга жетишилгени айтылды.