2025-жылдын 13–14-декабрь күндөрү, саат 09:00дөн 16:00гө чейин, Бишкек шаарындагы Медеров көчөсү 1-Б дарегинде жайгашкан Улуттук футбол академиясында кичи футбол боюнча салттуу “Мурас” турнири өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров катышып, турнирдин маанилүүлүгүн белгиледи. “Мурас” турнири улуттук спортту өнүктүрүү, жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтуу жана спорттук ынтымакты бекемдөө максатын көздөйт.
Турнир жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулар өз ара таймашта мыкты оюн көрсөтүштү.