2025-12-15

Магистрантыбыз Айжан Анарбекованын Ийгилиги


Университетибиздин Спорт илимдери факультетинин магистратура студенти Айжан Анарбекова спорт тармагында жетишкен жогорку ийгиликтери менен сыймык жаратты.

Айжан Анарбекова 4-декабрь күнү Бишкек шаарындаКааба уулу Кожомкул”  мелдеште күрөш боюнча мыкты оюн көрсөтүп, «Кыргызстандын эң мыкты аял спортчусу» наамын жеңип алды. Ошол эле мелдештин алкагында ал «Кыргызстандын эң мыкты спортчусу жана күчтүү кызы» деген ардактуу наамга да татыктуу болду.

Мындан тышкары, магистрант спортчу 5–6-декабрь күндөрү өткөрүлгөн кемер күрөш мелдешинде ийгиликтүү чыгып, жыйынтыгында кушак утуп алды.

Бул жетишкендиктер Айжан Анарбекованын тынымсыз эмгегинин, жогорку даярдыгынын жана спортко болгон берилгендигинин айкын далили болуп, университетибиздин жана факультетибиздин беделин дагы да жогорулатты.