2025-12-10

Кыргызстан-Түркия Манас Университетинин Спорт Илимдери факультетинде “Улуттук Рух – Дүйнөлүк Улуулук” аттуу семинар өткөрүлдү


Кыргызстан-Түркия Манас Университетинин Спорт Илимдери факультети тарабынан “Улуттук Рух – Дүйнөлүк Улуулук” темасында семинар уюштурулду. Факультеттин конференция залында өткөн иш-чарага окутуучулар, студенттер жана коноктор катышты.

Семинардын баяндамасын университеттин көрүнүктүү окумуштуусу проф. д-р Канат Канузаков жасады. Канузаков өз сөзүндө улуттук рухтун коомдордун кимдигин калыптандыруудагы орду, маданий баалуулуктарды сактоонун мааниси, замандаш дүйнөдө руханий дөөлөттөрдүн ролу жана бул түшүнүктөрдү жаш муундарга жеткирүүнүн зарылдыгы жөнүндө кеңири айтып берди.

Проф. д-р Канузаков спорт илимдеринин улуттук баалуулуктарды сактоодо жана жайылтууда кандай кызмат аткара алаарын мисалдар менен түшүндүрүп, маданият, адептүүлүк жана коомдук биримдик өңдүү түшүнүктөрдүн спорт менен байланышын баса белгиледи.

Семинар катышуучулардын суроолоруна жооп берүү жана ыраазычылык каттарын тапшыруу менен жыйынтыктады.