Спорт илимдери тармагындагы эң маанилүү эл аралык жыйындардын бири болуп саналган жана Кыргызстан-Түркия Манас университети да өнөктөш болгон 23-Эл аралык Спорт Илимдери Конгресси Спорт Илимдери Коомунун, Ататүрк университетинин жана Эрзурум Техникалык университетинин кызматташтыгында 2025-жылдын 1–4-декабрь күндөрү Эрзурум шаарында уюштурулду.
Иш-чаранын быйылкы темасы “Спорт Илимдеринде Санариптештирүү” болуп белгиленип, санариптешүүнүн спорт илимдерине алып келген жаңылыктары, технологиялык өнүгүүлөр жана тармактар аралык өз ара аракеттенүүлөр илимий талкууга алынган.
Конгресс алкагында илимий сессиялар, панелдер, чакырылган конок баяндамачылар катышкан атайын отурумдар, устакана (workshop) иш-чаралары, колдонмо сабактар жана офлайн/онлайн баяндама презентациялары өткөрүлдү. Иш-чарада профессор-окумуштуулар жана жаш изилдөөчүлөр билим жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Ачылыш аземине төмөнкү коноктор катышты:
Кыргызстан-Түркия Манас университетинин ректор вице-кызы — проф. д-р Исмет Алтынташ,
Байбүрт университетинин ректору — проф. д-р Мутлу Түркмен,
Конгресстин төрагасы жана Эрзурум Техникалык университетинин ректору — проф. д-р Бүлект Чакмак,
Конгресстин төрагасы жана Ататүрк университетинин ректору — проф. д-р Ахмет Хажымыфтүоглу,
Спорт Илимдери Коомунун төрагасы жана Кыргызстан-Түркия Манас университетинин окутуучусу — проф. д-р Фикрет Сойер.
Ачылыштагы сөз сүйлөөлөрдөн кийин сыйлыктар тапшырылды. Кыргызстан-Түркия Манас университетинин ректор вице-кызы проф. д-р Алтынташ конокторго кыргыз маданиятынын символдору болгон ак калпак жана эки баштуу бүркүт образындагы белектерди тапшырды.
Конгресске байланыштуу статистикалык маалыматтар да көңүл бурарлык болду:
13 өлкөдөн 943 автор катышып, жалпы тапшырылган 483 баяндаманын 472си кабыл алынды.
8 өлкөдөн 8 чакырылган конок баяндамачы катышты.
Жалпысынан 10 панел жана 1 устакана иш-чарасы өткөрүлдү.
4-декабрда уюштурулган онлайн илимий сессиялар жана чакырылган конок баяндамачылардын отурумдары менен конгресс ийгиликтүү жыйынтыкталды.





