2025-12-22
2025-жылдын 19-декабрында «Ресторан иши жана кулинардык ɵнɵр» бөлүмүнүн 1 жана 4-курс студенттери Сокулук айылындагы өзгөчө балдар үйүнө барып, аларга майрамдык программа уюштуруп, таттууларды даярдап, балдарга белектерди тапшырышты. Бул иш-чара жаштардын боорукердигин жана коомдук жоопкерчилигин көрсөттү. Студенттер мындай жолугушуулар балдарга кубаныч тартуулап жана келечектеги адистерге адамгерчиликтин маанисин терең түшүнүүгө жардам берерин белгилешти.


