2025-10-24
2025-жылдын 23-24-октябрында Гуманитардык факультетттин Синхрон котормо бөлүмү тарабынан «Котормо жана анын келечеги» аталышында V эл аралык cимпозиум болуп өттү. Симозиум 10 отурумда иш алып барып, аларга Кыргызстан, Түркия, Казакстан жана Россиядан 50дөн ашуун илимпоз жана котормочу катышты.
Симпозиумда котормочулук кесиптин учурдагы абалы, заманбап технологиялык өнүгүүлөрдүн алкагында келечек багыттары, маалыматтык жана көркөм котормодо ошондой эле котормочу, тилмечтерди даярдоодо эске алына турган актуалдуу маселелер боюнча илимий баяндамалар жасалды.
Илимий баяндамалардын жыйынтыгында көркөм жана маалыматтык котормо иштерине көмөкчү каражат катары фразеологиялык сөздүктөрдүн түзүлүшү боюнча иш-чараларды жандандыруу, котормо ишмердигинде жасалма интеллектти колдонууда адам көзөмөлүнүн сакталышы, котормочуларды даярдоодо практикалык иш-чараларды арттыруу, жогорку курстарда сабак программаларынын адистешүүгө багытталышы ж.б.у.с. маселелерди камтыган резолюция кабыл алынды.



