2026-03-27


Жүрөктөрдүн жылуулугу — балдар үчүн


2026-жылдын 18-мартында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин филология бөлүмүнүн студенттери жана окутуучулары салтка айланган кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүштү. Алар Красноречкадагы атайын жатак-мектебине барып, балдарга белектерди беришти. Ошондой эле кызыктуу оюндарды, таймаштарды уюштуруп, жомок көрсөтүп беришти. Бул аракеттер балдарга өзгөчө көңүл буруп, аларга кубанычтуу көз ирмемдерди тартуулады. Мындай жолугушуулар студенттердин социалдык жоопкерчилигин арттырып, балдарга жылуулук жана жакшы маанай тартуулайт.