2025-10-23
2025-жылдын 22-октябрында Анкара шаарында биздин бүтүрүүчүбүз Сауле Муканбетова «Үмүт» аттуу дипломдук фильми менен Түркиянын Чет өлкөдөгү түрк жамааттары жана тууган элдер башкармалыгы тарабынан уюштурулган V Эл аралык Студенттик Сыйлыктар сынагында кыска метраждуу фильм категориясы боюнча II орунду жеңип алды.
Бул ийгилик студенттерибиздин чыгармачылык изденүүсүнүн жана тынымсыз эмгегинин натыйжасы. Ошол эле учурда бул биздин бөлүмдүн студенттерге сапаттуу билим, шыктануу жана колдоо бере алгандыгынын да күбөсү. Фильмдин көркөм жетекчиси окутуучу Наргиза Маматкулованы жана бөлүмүбүздүн мугалимдик жамаатын бул жеңиш менен куттуктайбыз.