2025-12-22


Бишкек шаардык “Үмүт Үйү” майып жана карылар үйүнө зыярат өткөрүлдү


2024-жылдын 25-сентябрында саат 11:00–12:00 аралыгында Кыргыз-Түрк Манас Университетинин Коммуникация факультетинин Журналистика бөлүмүнүн 3-курсунун студенттери, кеңешчи катары Доц. Др. Эрдоган Акман жана кенже илимий кызматкер Зеки Окйай менен биргеликте Бишкек шаардык “Үмүт Үйү” майып жана карылар үйүнө зыярат кылышты.

Иш чара студенттердин социалдык жоопкерчилик иш-чараларынын алкагында уюштурулуп, борбордо жашаган майып жана карылар менен маектешүү, алар менен убакыт өткөрүү жана даярдалган белектерди тапшыруу максаттарын камтыды. 25-сентябрдагы зыяратта студенттер борбордогу тургундар менен баарлашып, көңүл буруп, күндү көңүлдүү өткөрүүгө салым кошушту. Иш чара катышуучулардын социалдык жоопкерчилигин жана эмпатиясын өстүрүүгө багытталган пайдалуу тажрыйба катары эскерилди.