2025-12-22


Дипломдук ишти жазууда талап кылынган эрежелер семинары өткөрүлдү


2025-жылдын 26-сентябрында саат 11:00дө Коммуникация факультетинин 313-кабинетинде «Дипломдук ишти жазууда талап кылынган эрежелер» темасында семинар болуп өттү. Семинарга Журналистика бөлүмүнүн 4-класстын студенттери катышты жана иш чараны ЖРДОК Топчугүл Нарматова жүргүздү. Иш чаранын максаты студенттерди Кыргызстан-Түркия Манас Университетинин Лиценциялык Дипломдук Иштерди Жазуу Жөнүндөгү Жобосу жана Социалдык илимдер институтунун магистратуралык тезис жазуу эрежелери менен тааныштыруу жана бул эрежелерди практикалык түрдө колдонууга үйрөтүү болду.

Семинарда Лиценциялык Дипломдук Иш Жобосу толук кандуу каралып, ар бир пункт боюнча түшүндүрмө берилди. Студенттерге дипломдук иштин теориялык жана концептуалдык негизин түзүү, методологиялык бөлүгүн жазуу, текст ичинде жана текст соңунда булактарды көрсөтүү, ошондой эле булактар бөлүгүн Chicago стилинде даярдоо учурунда көңүл бурулуучу маселелер тууралуу маалымат берилди. Мисалдар аркылуу, дипломдук иштин теориялык бөлүгүндө эмнелерге көңүл буруу керектиги, методологиялык бөлүгүндө кайсы изилдөө ыкмасын колдонуу керектиги, изилдөөгө алынган темага жараша универсум жана мисал топторун тандоо, ошондой эле мисал топторунун түрлөрүн аныктоо сыяктуу темалар практикалык түрдө көрсөтүлдү. Семинар учурунда практикага да токтолуп, журнал долбоору, веб-сайт долбоору жана подкаст долбоору боюнча эрежелер студенттерге түшүндүрүлдү.