2025-12-22


"Кыргыз тили жана журналистика" панели өткөрүлдү


2024-жылдын 17-октябрында саат 10:00дө Коммуникация факультетинин Кино залында «Кыргыз Тили жана Журналистика» аттуу панел өткөрүлдү. Бул иш чара Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы 1404/1 номурундагы “Мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялоо тууралуу” буйругунун алкагында уюштурулуп, кыргыз тилинин өнүгүүсү жана колдонулушунда журналистиканын ордуна көңүл бурууну максат кылды. Панел Журналистика бөлүмүнүн студенттерине арналган болуп, кыргыз тилинин журналистика тармагында туура жана активдүү колдонулушун камсыз кылууга багытталган.

Иш чаранын алкагында үч негизги баяндама жасалды. Доц. док. Гүлзада Станалиева “Медиа тексттерин ой жүгүртүп жана эффективдүү жазуу” аттуу баяндамасында медиа тексттеринде кетирилген орфографикалык, стилистикалык жана грамматикалык каталарды талдап, журналисттердин жаңылыктарды даярдоодо кандай талаптарды сактоосу керектигин талкуулады. доц.м.а. док. Топчугүл Нарматова “Кырнеттеги социалдык тармактарда колдонулган жаңы терминдер” деген темада сүйлөп, жаңы коммуникациялык технологиялардын тилди колдонууга тийгизген таасирин жана социалдык медианын тилдин өнүгүүсүндөгү ролун талдады; Кырнеттеги жаңы терминдерди, эмодзи жана жаңы билдирүүлөрдү мисалдар менен көрсөттү. С. и. к. док. Бакытбек Орунбеков “Кыргыз тилинде жазылган китептердин тарыхый тамыры жана тагдыры” деген баяндамасында кыргыз тилинде жазылган китептердин өнүгүү тарыхын жана тилдин өсүшүнө кошкон маанилүү салымын баяндады.

Иш чаранын жүрүшүндө панелисттер кыргыз тилинин расмий эне тил статусун алганынын 35 жылдыгы жана эне тилдин мааниси боюнча сөз кылышты. Модераторлукту жүргүзгөн Окутуучу-изилдөөчү доктор Бакыт Орунбеков студенттердин суроолоруна жооп берип, талкууга активдүү катышуу мүмкүнчүлүгүн түздү. Панел катышуучуларга кыргыз тилин туура жана ой жүгүртүп колдонуу, журналистикадагы тилдин мааниси жана технологиялык өнүгүүлөрдүн тилге тийгизген таасирин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берген натыйжалуу иш чара болду.

Катышуучулар: Журналистика бөлүмүнүн 1, 2, 3, 4-курстарынын студенттери
Сөз сүйлөгөндөр: Доц. док. Гүлзада Станалиева, доц.м.а.док. Топчугүл Нарматова, с.и.к. док. Бакытбек Орунбеков