2025-12-22


Студенттер үчүн негизги деңгээлдеги SPSS маалымат киргизүү жана талдоо курсу өткөрүлдү


2025-жылдын 10-ноябрында саат 09:00дө А-201 аудиториясында «Студенттер үчүн негизги деңгээлдеги SPSS маалымат киргизүү жана талдоо курсу» өткөрүлдү. Иш чараны Доц. др. Ниязи Айхан уюштуруп, өзү баяндамачы катары катышты. Курска жалпы 16 студент катышып, сандык изилдөөлөрдө кеңири колдонулган SPSS программасы боюнча баштапкы билимдерге ээ болушту.

Иш чаранын алкагында студенттерге изилдөө ыкмаларынын бири болгон анкеталык сурамжылоо негизинде SPSS программасына маалымат киргизүү жана негизги талдоо этаптары түшүндүрүлдү. Бул багытта анкета суроолорунун түрлөрү, анкетаны колдонуу ыкмалары жана алынган маалыматтарды SPSS чөйрөсүндө иштетүү жолдору практикалык мисалдар аркылуу көрсөтүлдү. Курс студенттердин изилдөө жана маалымат талдоо жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган пайдалуу окуу иш чарасы катары жыйынтыкталды.