Факультетибиздин салымы менен 2026-жылдын 22-мартында университетибизде Нооруз майрамына карата иш-чара чоң шаң менен өткөрүлдү.
КТМУнун Конгресс жана маданият борборунун алдындагы аянтта өткөн иш-чарага студенттер жана университеттин жалпы жамааты активдүү катышты. Нооруз майрамынын алкагында факультетибиздин уюштуруусу менен ар кандай маданий жана спорттук мелдештер өткөрүлдү.
Алардын катарында шалбар күрөшү, алыш күрөшү, кол күрөшү, таяк тартыш, чүкө оюну, аркан тартыш, кыргыз селкинчеги, жаздык чабышуу жана тогуз коргоол менен мангала сыяктуу акыл оюндар өткөрүлдү. Бул иш-чараларга катышуучулар чоң кызыгуу көрсөтүштү.
Иш-чара ректордун катышуусундагы жалпы сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.



